Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы жогорку температура кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн кыйла төмөндөөгө алып келди
Publications: 15.08.2025
23-июлга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
| Иш жүзүндө | өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата | |||
| 2024 | 2025 | +, - | пайыз менен | |
| Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиханы кошпогондо), миң га | 224,9 | 276,0 | 51,1 | 122,7 |
| Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т | 617,4 | 477,4 | -140,0 | 77,3 |
| 1 гектардан, ц | 27,5 | 17,3 | -10,2 | 62,9 |
| Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т | 327,5 | 290,4 | -37,1 | 88,1 |
| 1 гектардан, ц | 29,1 | 19,1 | -10,0 | 65,6 |
| Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т | 289 | 186,4 | -102,6 | 64,5 |
| 1 гектардан, ц | 25,8 | 15,2 | -10,6 | 58,9 |
| Казылган картошка аянты, миң га | 9,7 | 10,5 | 0,8 | 107,7 |
| Жыйналган картошка, миң т | 155,5 | 170,4 | 14,9 | 109,6 |
| 1 гектардан, ц | 160 | 163,3 | 3,3 | 102,1 |
| Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү , миң т | 320,9 | 359,1 | 38,2 | 111,9 |
| Жыйналган бакча өсүмдүктөрү , миң т | 137,5 | 155,4 | 17,8 | 113,0 |
| Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т | 66,1 | 74,4 | 8,3 | 112,6 |
Жаздагы температуранын өзгөрүшү буурчак өсүмдүктөрүнүн себүү жана бышуучу мөөнөтүнө таасирин тийгизди. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 320 гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 30 пайызга аз.
Муну менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык түлүк бакчасы 12,6 пайызга, жашылча 11,9 пайызга жана картошканын дүң жыйымы 9,6 пайызга өскөн.
___________________________________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
