Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы температуранын жогору болушу кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн кыйла төмөндөөгө алып келди

Publications: 17.09.2025


Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 428,6 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга көп. Мында  алгачкы кабыл алынган салмакта 900 миңден ашык тонна дан жыйналып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  23 пайызга аз болду.
 
Дан эгиндерин чаап-жыйноонун азайышына Чүй жана Талас облустарынын чарбаларында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөп кетиши таасир берди. Жалпы дан эгиндеринин түшүмүнүн 318 миң тоннадан ашыгы же дээрлик 35 пайызы Чүй облусунун чарбаларынын үлүшүнө туура келди, анын ичинде буудай - 179 миң тонна же 42 пайыз, арпа 137 миң тонна же 39 пайыз.
 
Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинин вегетация мезгилиндеги температуранын жогору болушуна байланыштуу буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 31,6 пайызга (былтыркы 29,1 ц/га дан 19,9 ц/га), арпанын түшүмдүүлүгү 31,5 пайызга (26,0 ц/га дан  17,8 ц/га) төмөндөгөн.
 

23-августка карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

Муну менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу май алынуучу өсүмдүктөрүнүн 47 пайызга, мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн  22 пайызга азык түлүк бакчасынын 17 пайызга, жашылчанын 11 пайызга жана картошканын дүң жыйымы 4 пайызга өскөн.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 30-беренеси)

 


Last updating: 17.09.2025, 21:56