Publications: 14.10.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2024-жылдагы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жайкы туристик сезону жөнүндө маалыматар жарыяланат.
Датасы: 2025-жылдын 15-октябрында
Убакыт: 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
-
Керималиева Назира Керималиевна - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
-
Абдукадирова Малика Азимовна – финансы жана баа статистикасы башкармалыгынын башчысы;
-
Текеева Люксина Айгуфовна- соода жана кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасынын башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).