ПРЕСС-АНОНС.2025-жылдын январь-март айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 14.04.2025


Улуттук статистика комитети ай сайын, айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
 
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-март айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, 2024-жылы Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк тике инвестициялардын келип түшүүсү, 2025-жылдын биринчи кварталындагы өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүүсү тууралуу жана ошондой эле 2025-жылдагы айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча даярдык иштери жөнүндө кошумча маалымат берилет.
 
Датасы: 2025-жыл 15-апрель
Убактысы: 10:00дө
Трансляция: Нацстаткомдун расмий Facebook баракчасынан түз эфирде бул жерден көрүңүз
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбору (1-кабат).
 
Баяндамачылар:
  • Кудайбергенов Бактыбек Жапарович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Бирюкова Виктория Ивановна – инвестиция статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
  • Маманова Айнура Торобековна – өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Кошумча баяндамачы:
  • Кудакеева Анара Ашимовна – статистикалык каттоолор жана геомаалымат тутумдары бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47,  e-mail: statistica.kg@gmail.com
 
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Last updating: 15.04.2025, 09:12