ПРЕСС-АНОНС. 2025-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 14.07.2025


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
 
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, 2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарын жана айдоо жерлерин пайдаланууну эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле 2024-жылдагы жакырчылыктын деңгээли  тууралуу маалыматтар жарыяланат.
 
Датасы: 2025-жылдын 15-июлунда
Убакыт: 10:00
Трансляция: Нацстаткомдун расмий Facebook баракчасынан түз эфирде бул жерден көрүңүз
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
 
Баяндамачылар:
  • Кудайбергенов Бактыбек Жапарович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – айыл чарба статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
  • Калымбетова Ырыскан Изаковна – үй чарба статистикасы башкармалыгынын начальниги.
 
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47,  e-mail: smi_nsc@stat.kg, statistica.kg@gmail.com
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.
 
****
 
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 14.07.2025, 10:44