ПРЕСС-АНОНС. 2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары
Publications: 14.08.2025
2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, 2024-жылындагы байланыш кызматынын жана үй чарбалардын бюджеттерине жана жумушчу күчүн интеграциялык тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматар жарыяланат.
Баяндамачылар:
- Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Асанканова Айзада Дуланбековна – соода жана кызмат көрсөтүүлөр статистикасы бөлүмүнүн башчысы,маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы;
- Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыздоо статистика бөлүмүнүн башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail: statistica.kg@gmail.com
