Улутстаткомдун Төрагасы Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Publications: 29.07.2025


Бүгүн, Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү менен жыйынтыктоочу жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
 
Тараптар долбоордун компоненттерин ишке ашыруунун учурдагы абалын, административдик жана уюштуруу маселелерин, ошондой эле макулдашуунун алкагында каралган милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшүн талкуулашты. Статистиканы санариптештирүү, маалыматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана статистика органдарынын МКТ-инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
 
Төрага Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомдун жамаатынын натыйжалуу ишин белгилеп, Дүйнөлүк банкка статистикалык системаны модернизациялоо долбоорунун алкагында туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана расмий статистиканын ишенимдүү, ачык-айкын жана санариптештирилген системасын түзүү максатында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
 
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жетишилген натыйжаларды жогору баалашты жана иш-чараларды ишке ашырууда мындан аркы колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Санариптик отчеттуулук инструменттерин өнүктүрүүгө жана заманбап методологиялык ыкмаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле туруктуу жана натыйжалуу натыйжаларга жетүү үчүн кийинки кадамдардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен иштин жыйынтыктоочу баасын берди.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.
 

Last updating: 29.07.2025, 15:26