Улуттук статкомдун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов ИКУнун Статистикалык комиссиясынын 15-сессиясына катышты
Publications: 05.10.2026
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 2026-жылдын 29-30-сентябрында Сауд Арабия Королдугунун Жидда шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Статистикалык комиссиясынын 15-сессиясына катышты.
Иш-чара расмий статистиканы модернизациялоо, санариптик технологияларды киргизүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн ИКУга мүчө өлкөлөрдүн статистикалык ведомстволорунун жетекчилеринин башын бириктирди.

Катышуучулар статистикалык маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда жана талдоодо административдик маалыматтарды колдонууну кеңейтүү жана жасалма интеллектти пайдалануу маселелерин карашты. Бул багыттарды өнүктүрүү маалыматтардын ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жарандарга жана ишканаларга болгон отчеттук жүктөмдү азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Статистикалык өндүрүштү санариптештирүү жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарды колдонууну кеңейтүү Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык системасын модернизациялоонун маанилүү багыттары болуп саналат.
2030-жылкы эл жана турак жай фондун каттоо раундуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар каттоону уюштуруунун жана социалдык инфраструктураны пландаштыруу, аймактарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуунун заманбап ыкмаларын талкуулашты. Кыргыз тарап эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында статистикалык ишмердүүлүккө санариптик чечимдерди киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Сессиянын алкагында Улуттук эсептер тутумунун 2025-жылкы версиясын киргизүү, санариптик экономиканын, формалдуу эмес сектордун жана ислам каржыларынын статистикасын өнүктүрүү маселелери да талкууланды. Бул багыттарды өркүндөтүү экономикалык процесстерди толугураак чагылдырууга жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн эл аралык деңгээлде салыштырылышын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Сессиянын алкагында Б.Ж. Кудайбергенов Ислам өлкөлөрү үчүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана окутуу борборунун (SESRIC) башкы директору Зехра Зюмрют Селчук жана Сауд Арабия Королдугунун Башкы статистика башкармалыгынын (GASTAT) президенти Фахад Аль-Досари менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Сессия ИКУга мүчө өлкөлөрдүн статистикалык ведомстволорунун ортосунда практикалык тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө аянтчасы болуп калды. Каралып чыккан ыкмалар Кыргызстандын расмий статистикасын модернизациялоо жана ТӨМ мониторингин өркүндөтүү үчүн практикалык кызыгууну жаратат.
