Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Астана шаарында статистиканы санариптештирүү боюнча эл аралык форумга катышты

Publications: 10.11.2025


Астана шаарында Казакстандын мамлекеттик статистикасынын юбилейине карата эки күндүк «Улуттук статистикалык системаларды санариптештирүү» аттуу эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан 150дөн ашуун өкүл, анын ичинде Кытай, Сингапур, Грузия, Венгрия, Индонезия, Сербия, КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун, ОЭСР, ЮНИДО, ЮНФПА, Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын делегациясын форумда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жетектеди. Форумдун алкагында ал «Маалыматтардын сапатын камсыздоонун элементи катары статистиканы санариптештирүү» темасында баяндама жасады. Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө статистикалык процесстерди санариптештирүү расмий маалыматтарга ишенимдүүлүктү, ачыктыкты жана ишенимди жогорулатууга багытталган стратегиялык багыт экенин белгиледи. Ал заманбап статистика улуттук маалыматтар экосистемасын түзүүдө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн сапаттуу маалыматтык негизди камсыз кылууда негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.

Форум статистиканы санариптештирүүнүн заманбап тенденцияларына, маалыматтардын сапаты жана баалуулугу маселелерине, ошондой эле мамлекеттик башкарууга "чоң маалыматтарды" жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө арналды. Форумдун катышуучулары расмий статистикага болгон ишеним, маалыматтардын санариптик экосистемаларын өнүктүрүү жана чоң маалыматтарды ишенимдүү коргоо шартында пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Административдик маалыматтарды талдоо жана инфляцияны кошо алганда, негизги көрсөткүчтөрдү эсептөө үчүн жасалма интеллект жана машиналык окутуу технологияларын колдонуунун практикалык мисалдары көрсөтүлдү.

Иш-чара КМШнын Статистика комитетинин колдоосу менен өттү жана улуттук статистикалык кызматтардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Last updating: 10.11.2025, 17:15