Улуттук статистика комитетинин төрагасынын Мугалимдер күнүнө карата куттуктоосу
Publications: 05.10.2026
Урматтуу мугалимдер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мугалим- эң маанилүү жана ардактуу кесиптердин бири. Дал сиздер жаш муунга билимдин пайдубалын түптөп, алардын дүйнө таанымын калыптандырып, жөндөмдөрүн ачууга жана жашоодогу өз жолун табууга багыт бересиздер.
Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер зор чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти, акылмандыкты жана жан дүйнөңүздөрдү арноону талап кылат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздердин аркасында жаңы муун өсүп-өнүгүп, өлкөбүздүн келечеги түптөлөт.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге шыктануу жана ийгиликтерди, ошондой эле ар дайым ыраазы болгон окуучуларды каалайм. Эмгегиңиздер ар дайым урмат-сый жана ыраазычылык менен бааланып, ар бир күнүңүздөр окуучуларыңыздардын жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу сезимин тартууласын!
Майрамыңыздар менен! Мугалимдер күнү кут болсун!
