Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Publications: 08.03.2026
Урматтуу айымдар!
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди жаздын эң сонун майрамы — 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул жарык майрам аялзатына болгон терең урмат-сыйдын, ыраазычылыктын жана суктануунун белгиси болуп саналат. Кайсы доор болбосун, аялзаты сулуулуктун жана акылмандыктын, боорукердиктин жана камкордуктун, сүйүүнүн жана ынтымактын символу болуп келген. Сиздер дүйнөгө өмүр тартуулап, үй-бүлөнүн кутун сактап, жакшы иштерге жана жаратуучулукка дем берип келесиздер.Бүгүнкү күндө аялдар коомдун өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлеп, экономиканын жана илимдин, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун, маданияттын, мамлекеттик кызматтын жана ишкерликтин ар кыл тармактарында ийгиликтүү эмгектенип келишет. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошууда. Мамлекеттик статистика системасында эмгектенген айымдарга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн, кылдаттыгыңыздардын жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында мамлекет менен коом үчүн маанилүү болгон так жана ишенимдүү статистикалык маалыматтар даярдалууда. Бул керемет жаз майрамында сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана чыгармачылык дем каалайм. Үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык, сүйүү жана ынтымак өкүм сүрүп, ар бир күнүңүздөр кубанычка, жылуулукка жана жаңы ийгиликтерге бай болсун!
Кымбаттуу айымдар, майрамыңыздар кут болсун! 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин төрагасы
Бактыбек Кудайбергенов

