Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун 1-май Эмгек Күнүнө карата куттуктоосу
Publications: 01.05.2026
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди 1-май — Эмгек күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул жаркын майрам ар дайым эмгекке болгон урмат-сыйды, кесипкөйлүктү жана ар бир жарандын жоопкерчилигин даңазалап келет. Кайсы тармакта иштебесин, ар бириңиздердин эмгегиңиздер Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошот.
Дал сиздердин эмгекчилдигиңиздер, максатка умтулгандыгыңыздар жана ишке болгон берилгендигиңиздер аркылуу өлкөбүз алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы ийгиликтерге жетишүүдө.
Урматтуу мекендештер! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, түгөнгүс күч-кубат, эртеңки күнгө болгон ишеним жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Б. Ж. Кудайбергенов
