Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

Publications: 09.05.2026


Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери,
ооруктун эмгекчилери,
кадырлуу кыргызстандыктар!
 
Сиздерди Улуу Жеңиш күнү — эрдиктин, каармандыктын жана Мекенге болгон чексиз сүйүүнүн ыйык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
 
Бул өзгөчө күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктагы эмгекчилерге терең ыраазычылык жана зор урмат көрсөтөбүз. Сиздердин эрдигиңиздер, кайраттуулугуңуздар жана мекенчилдигиңиздер ар дайым күчтүү духтун жана чыныгы патриотизмдин символу болуп кала берет.
 
Жеңиштин баасын өлчөө, миллиондогон адамдар башынан өткөргөн кайгы-муңду жана жоготууларды унутуу мүмкүн эмес. Бирок элдин улуу эрдиги тууралуу эстелик муундардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат жана келечек үчүн адеп-ахлактык багыт болуп кызмат кылат.
 
Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, урпактарга тынч асман жана жаркын келечек тартуулаган баатырлардын эрдигин убакыт эч качан өчүрө албайт.
 
Бүгүнкү күндө тарыхый эстутумду сактоо, жаш муунга элдин каармандыгы жана өзүн курмандыкка чалган эрдиги тууралуу чындыкты жеткирүү, тарыхка урмат-сыйды, Мекенге болгон сүйүүнү, жоопкерчилик жана биримдик сезимин тарбиялоо — жалпыбыздын милдетибиз.
 
Биз курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим этип, бугун арабызда, торубуздун корку болуп жургон ардагерлерибизгетерең ыраазычылык билдиребиз.
 
Урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери!
 
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, көңүл жылуулугун, жакындарыңыздардын камкордугун жана бакубат жашоо каалайм. Ар бир күнүңүздөр кубанычка, урмат-сыйга жана жакшылыкка толсун!
 
Урматтуу мекендештер!
 
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, ынтымак жана туруктуулук өкүм сүрүп, Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык жана бейпил болсун!
 
Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен!
 
Урматтоо менен,
Бактыбек Кудайбергенов
 
 

Last updating: 09.05.2026, 11:15