2025-жылдагы айыл чарба каттоосу жөнүндө толук маалыматты алыңыз

Publications: 29.09.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2025-жылы боло турган айыл чарба каттоосу жөнүндө бардык актуалдуу маалыматтар Улутстаткомдун Instagram жана Facebook социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында, ошондой эле каттоо маселелерине арналган атайын баракчаларда жеткиликтүү экендигин билдирет.
         
Аларга тексттеги шилтемелер же төмөндө жайгаштырылган QR-коддор аркылуу өтсөңүздөр болот.

           Сиз эмнелерди биле аласыздар:
  • каттоо жаңылыктары жана жаңылануулары;
  • нускамалар жана түшүндүрмөлөр;
  • респонденттер үчүн пайдалуу материалдар.
         
Айыл чарба каттоосу – айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча кеңири масштабдуу мезгилдүү статистикалык иш. Ал азык-түлүк жана экономиканын айыл чарба секторун өнүктүрүү жаатындагы негизги маалымат булактарынын бири болуп саналат.
 
Бул айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн негизги курал болуп саналат, ал мамлекетке агрардык секторду колдоону жана өнүктүрүү программаларын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
         
Бардык жаңылыктардан кабардар болуу үчүн расмий баракчаларга жазылыңыздар!

Last updating: 29.09.2025, 11:41