«Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасынын көрсөткүчтөрү» статистикалык басылмасы жарык көрүүгө даярдалды

Publications: 19.05.2026


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жашыл өсүү жана туруктуу өнүгүү багытындагы жылыштардын көрсөткүчтөрү камтылган «Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасынын көрсөткүчтөрү» аттуу статистикалык басылманын биринчи чыгарылышын даярдады. Басылма 2018-2024-жылдардагы маалыматтарды камтыйт жана экологиялык жана экономикалык трансформация маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык базаны түзүүгө багытталган.

Басылмага беш тематикалык багыт боюнча бөлүштүрүлгөн 85 көрсөткүч киргизилген: көмүртек жана энергетика өндүрүмдүүлүгү, жаратылыш активдери, жашоонун экологиялык сапаты, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана жооп кайтаруу саясаты, ошондой эле социалдык-экономикалык аспект жана өсүштүн мүнөздөмөлөрү. Түзүлгөн көрсөткүчтөр матрицасы эл аралык методологиялык ыкмаларды улуттук шарттарга ылайыкташтырууну чагылдырат жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Бул басылма Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) колдоосу менен даярдалды.

Жыйнактын электрондук версиясын колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий сайтында  "Басылмалар" бөлүмүндө жеткиликтүү.

______________________________________________________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дареги
:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

Last updating: 19.05.2026, 17:25