«Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень» статистикалык басылмасынын 2026-жылдагы III чыгарылышы басууга даярдалды

Publications: 26.11.2026


Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2026-жылдын 9 айынын өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алганда азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын сереби, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы 5016 үй чарбаларынын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган.

Басылманын электрондук версиясы Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында төмөнкү дарек боюнча колдонуучулар үчүн жеткиликтүү:

https://stat.gov.kg/ru/publications/informacionnyj-byulleten-kyrgyzskoj-respubliki-po-prodovolstvennoj-bezopasnosti-i-bednosti/

________________________________________________________________________________________________

 

Үй чарба статистикасы башкармалыгы  

               

 

| e-mail:  ykalymbetova@stat.kg; |   тел. + 996 (312) 324655

 

 

 

 

 

 

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулардын булагына таянууга милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын30-беренеси).

 

 


Last updating: 26.11.2026, 11:20