«Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдык жыйнагы - 2020-2024» басып чыгарууга даярдалды
Publications: 03.10.2025
Жыйнак акыркы беш жылдагы өлкөдөгү демографиялык абалды мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт.
Басылмада республиканын административдик-аймактык түзүлүшү, калктын санынын, жыныстык-курактык жана этникалык курамынын өзгөрүшү, анын аймактар боюнча жайгашышы, төрөт жана өлүм, калктын өлүмүнүн себептери, никелешүү жана ажырашуу, миграция процесстери жөнүндө маалыматтар берилди.
Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий (www.stat.gov.kg) сайтынын «Басылмалар» бөлүмүндө жеткиликтүү: https://www.stat.gov.kg/ru/publications/demograficheskij-ezhegodnik-kyrgyzskoj-respubliki/
