2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1 пайызды түздү
Publications: 19.01.2026


Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 21,1 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,2 пайызды түздү.
2025-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 9,4 пайызды түздү. Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 9,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 7,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,2 пайызга жогорулады.
2025-жылдын декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (11,6 пайызга) Ош шаарында катталды, бул азык-түлүк эмес товарларынын (12,0 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (13,5 пайызга) эң көп кымбатташы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга (13,1 пайызга) Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (14,4 пайызга) Ысык-Көл облусунда катталды.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-ноябрында 14,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 12,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 43,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,5 пайызга көбөйдү.
2025-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,9 млрд.АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,3 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,1 пайыз) жана Казакстанга (33,5 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт


Презентациялар:
2. 2025-жылы Кыргыз Республикасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө.
3. 2025-жылдагы жашоо минимуму жөнүндө.
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).
|
Биз жеткиликтүүбүз: |
тел. 625747 |
|
|
