Улутстатком жалпы республикалык ишембиликке катышты

Publications: 19.04.2025


2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов башында турган эмгек жамааты, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык бөлүмү жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.

Борбордук аппараттын, Интеллектуалдык маалыматтар борборунун жана Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын кызматкерлери тазалоо иштерин Көк-Жар айылынан "Таштар-Ата"комплексине чейин жүргүзүштү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын, ошондой эле 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Last updating: 19.04.2025, 14:37