Улуттукстатком айыл чарбасын каттоого алуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүүгө киришти

Publications: 19.01.2026


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 жана 2025-жылдын 28-октябрындагы № 701 токтомдорун аткаруунун алкагында Улуттук статистика комитети айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мобилдик тиркемени колдонуу менен окутуу семинарларын өткөрүүдө.

Окутуу 2026-жылдын 19-январынан 23-январына чейин Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Семинарлар облустук статистика башкармалыктарынын базасында уюштурулуп, райондук бөлүмдөрдүн алыстыгына жараша 2–3 күнгө созулат.

Окутууга облустук статистика башкармалыктарынын башчылары, райондук статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустук жана райондук деңгээлдеги айыл чарба статистикасы боюнча адистер, ошондой эле региондордо айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иштерине тартылган өкүлдөр жана башкы адистер (убактылуу тартылган персонал) катышат.

Семинарлардын алкагында айыл чарба каттоосун мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүү маселелери каралат. Өзгөчө көңүл инструктордук кабинетте иштөөгө бурулат, анын ичинде колдонуучуларды каттоо, каттоо участокторун бөлүштүрүү, талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө, чогултулган маалыматтардын сапатын мониторинг кылуу, анкеталарды текшерүү жана оңдоо, ошондой эле ыкчам отчетторду түзүү жана маалыматтарды жүктөп алуу маселелери камтылат. Катышуучулар айыл чарба каттоосун санариптик инструменттерди колдонуу менен башкаруу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушат.


Last updating: 19.01.2026, 16:21