Улутстатком Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн иштелип чыккан статистикалык отчеттуулукту талкуулады

Publications: 18.12.2015


Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз борборунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, “Демократиялык башкаруу” БУУӨПтүн өкүлдөрүнүн жана Улутстаткомдун кызматкерлеринин катышуусу менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда биздин өлкөдөгү конституциялык сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана абалын көзөмөлдөөгө, ошондой эле өзүнүн ишмердигинин натыйжаларын коомчулукка көрсөтүүгө жана пайда болгон маселелерге өз убагында чара көрүүгө мүмкүн болгон КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн статистикалык отчеттуулукту иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары көрсөтүлдү жана талкууланды.

____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика    |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 32 46 52                                    

бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 25.12.2015, 11:23