МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2026-жылдын январь-май айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өткөрөт
Publications: 12.06.2026
2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети маалымат жыйын өткөрөт, анын жүрүшүндө өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча актуалдуу статистикалык маалыматтар жана аналитикалык маалыматтар сунушталат.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында төмөнкү темалар чагылдырылат:
- 2025-жылы Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан камсыз кылуунун негизги көрсөткүчтөрү;
- 2025-жылы Кыргыз Республикасына түз чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүшү.
Датасы: 2026-жылдын 15-июну
Убактысы: 10:00
Трансляция: Улуттук статистика комитетинин Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасында түз эфирде: https://www.facebook.com/statatistics.kg/?locale=ru_RU
Өтүүчү орду: Улуттук статистика комитети, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, Пресс-борбор (1-кабат)
Жумалиев З.К. -Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
Рахманова Ж.Ж. -Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы;
Мырзакматова Э.Т. -Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин инвестициялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык системасы- республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналат жана ал мамлекеттик бийлик органдарын, уюмдарды жана коомчулукту өлкөнүн социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө ишенимдүү жана объективдүү маалымат менен камсыз кылат. Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервьюларды уюштуруу маселелери боюнча толук маалымат алуу үчүн:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg, дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).
Биз жеткиликтүүбүз:
|
|
тел. 0 (312) 625747 |
