Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун өкүлдөрү менен биргелешкен семинар жөнүндө

Publications: 25.04.2026


2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун өкүлдөрү менен биргелешкен семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын статистикасынын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, электрондук коммерция жана санариптик экономика маселелери боюнча тажрыйба алмашууга арналды.
 
Семинардын алкагында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча мазмундуу тажрыйба жана билим алмашышты. Атап айтканда, электрондук коммерция статистикасын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары, Кытайдагы санариптик экономика статистикасын түзүү практикасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын расмий статистикасынын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу өнүгүү багыттары каралды.
 
Ошондой эле расмий статистиканын сапатын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде сапатты башкаруу системаларын түзүү жана киргизүү боюнча методологиялык ыкмалар, статистикалык процесстерди өркүндөтүү, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, салыштырмалуулугун жана өз убагында берилишин жогорулатуу, ошондой эле эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды киргизүү маселелери талкууланды.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар статистиканы санариптештирүү, чоң маалыматтарды өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу багыттарында кызматташуунун жогорку потенциалын белгилешти.
 
Семинардын өткөрүлүшү глобалдык санариптик трансформация шартында эки өлкөнүн статистикалык кызматтарынын ортосундагы кесиптик диалогду өнүктүрүүгө жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого маанилүү салым кошту.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Last updating: 25.04.2026, 19:49