Кыргызстан эл аралык статистикалык форумда административдик маалыматтарды пайдалануу тажрыйбасын сунуштады
Publications: 09.10.2026
2026-жылдын 1–2-октябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана КМШнын «Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар» аттуу IV Эл аралык статистикалык форуму болуп өттү. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. 
Форумда Бактыбек Кудайбергенов «Кыргыз Республикасынын расмий статистикасынын заманбап тутумун калыптандырууда административдик маалыматтар» деген темада баяндама жасады. Мамлекеттик маалымат тутумдарында бар маалыматтарды пайдалануу — статистиканы модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири. Бул маалыматты кайталап чогултууну кыскартууга, жарандарга жана ишканаларга түшкөн отчеттук жүктү азайтууга, ошондой эле статистикалык маалыматтарды даярдоонун ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
КМШнын Статкомитети тарабынан Армения Республикасынын Статистика комитети менен биргеликте уюштурулган форум улуттук статистикалык кызматтардын, эл аралык уюмдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Талкуунун негизги темалары статистикалык маалыматтын сапаты, аны колдонуучулардын муктаждыктары жана статистикалык өндүрүштө жаңы технологияларды колдонуу болду.
Катышуучулар административдик регистрлерди жана чоң маалыматтарды (Big Data), анын ичинде калк статистикасы үчүн мобилдик байланыш операторлорунун маалыматтарын жана айыл чарба статистикасы үчүн спутниктик мониторингди пайдалануу тажрыйбасы менен алмашышты. Социалдык жана экономикалык процесстерди толугураак чагылдырууга мүмкүндүк берүүчү изилдөөлөрдүн, эл каттоолордун жыйынтыктарын жана административдик жазууларды бириктирүү ыкмалары каралды.

Өзүнчө сессия расмий статистикада жасалма интеллектти колдонуу келечегине арналды. Аналитикалык сервистерди өнүктүрүү, экономикалык тобокелдиктерди баалоо жана статистикалык методология менен иштөө үчүн анын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Маалыматтарды натыйжалуу пайдалануунун негизи катары алардын сапатына, жеткиликтүүлүгүнө жана салыштырмалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Статистикалык кызматтардын жетекчилеринин кеңешинин отурумунун жүрүшүндө улуттук эсептер тутумун өркүндөтүү жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетинин негизинде эл аралык салыштырууларды жүргүзүү маселелери каралды. Бул салыштыруулар өлкөлөр ортосундагы баалардын деңгээлиндеги айырмачылыктарды эске алуу менен экономикалардын көлөмүн салыштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана «КМШ статистикасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу талкууланды.
Иш-чараларга катышуу Улутстаткомго улуттук тажрыйбаны сунуштоого жана Кыргыз Республикасында статистикалык процесстерди андан ары санариптештирүү жана административдик, ошондой эле альтернативдик маалымат булактарын колдонууну кеңейтүү үчүн кызыгуу туудурган башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүндүк берди.
