Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө маалыматтык тааныштыруу жыйыны болуп өттү

Publications: 19.09.2025


2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабры ПЖ №369 Жарлыгы менен кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө маалыматтык тааныштыруу жыйыны болуп өттү.
 
Жыйынга  Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  төрагасы Мелис Мураталиев,  Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов, төраганын орун басарлары, тармактык бөлүмдөрдүн башчылары жана кызматкерлери, ошондой эле облустук, шаардык статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
 
Анда уңгужолдун негизги багыттары болгон таалим-тарбия, илим, билим, маданият, мамлекеттик тил жана экономика жөнүндө бир катар ойлор айтылды.
 
Кыргыз элинин улуттук наркынын жана мамлекеттик тилдин колдонуусун арттыруу максатында өткөрүлгөн бул жыйын аркылуу кызматкерлер көкүрөгүндө адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сапаты менен жаратман ойдо уңгужолдун башатынан баштап багыт алуусу шарт экендигин талкуулашты.
 
 
 
 
 
 

Last updating: 19.09.2025, 17:16