Маалыматтардын купуялуулугу — Кыргыз Республикасындагы айыл чарба каттоосунун негизги артыкчылыгы

Publications: 23.03.2026


 

Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлүп жаткан айыл чарба каттоосунун жүрүшүндө чогултулган маалыматтардын толук купуялуулугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети респонденттер тарабынан берилген бардык маалыматтар жалаң гана жалпыланган түрдө жана статистикалык максаттарда колдонуларын кепилдейт.

Маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамына ылайык так жүргүзүлөт. Жеке чарбалар, фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү тууралуу маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга, салык жана укук коргоо түзүмдөрүнө берилбейт.

Бардык каттоочулар атайын окуудан өтүшкөн, анда жеке маалыматтарды коргоо жана этикалык нормаларды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Ар бир каттоочу алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча жеке жоопкерчилик тартат.

Каттоо учурунда колдонулуп жаткан заманбап санариптик технологиялар маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Колдонулган программалык чечимдер маалыматтарды шифрлөөнү жана маалымат базаларына чектелген жеткиликтүүлүктү карайт, бул маалыматтарды уруксатсыз пайдаланууга жол бербейт.

Улуттук статистика комитети бардык катышуучуларды маалыматтарды чогултуу процессине ишеним менен мамиле кылууга жана так маалымат берүүгө чакырат. Бул өлкөнүн айыл чарба тармагынын өнүгүүсү боюнча объективдүү статистикалык көрүнүштү түзүүгө жана натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга маанилүү салым болуп саналат.

Купуялуулук, коопсуздук жана ишеним — сапаттуу статистиканын негизи.

 

Last updating: 23.03.2026, 13:02