Кыргызстандын статистикасынын 100 жылдыгына карата: Бишкекте тармакты трансформациялоо боюнча эл аралык форум өттү
Publications: 24.04.2026
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында расмий статистиканын жаңы экосистемасын түзүүгө багытталган жана статистикалык бизнес-процесстерди модернизациялоо маселелерине арналган эл аралык форум өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын статистика органдары түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган болуп, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Сербия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын жетекчилерин, ошондой эле БУУ системасынын эл аралык уюмдарынын, КМШнын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Дүйнөлүк банктын тобунун өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту бириктирди.
Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов чыгып, өз сөзүндө форумдун азыркы чакырыктар шартындагы маанисин белгиледи: «Бүгүн биз жыйынтык чыгарып гана тим болбостон, жаңы баскычты - расмий статистика негизги жана тутум түзүүчү элемент болгон заманбап маалыматтар экосистемасын калыптандыруу этабын ачып жатабыз», - деп белгиледи ал.
Ачылыш аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышты. Ал өз сөзүндө расмий статистиканын мамлекеттик башкаруу системасындагы стратегиялык ролун белгилеп, натыйжалуу чечимдерди кабыл алууда жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо анын маанисин баса белгиледи.
Куттуктоо сөздөрү жана кайрылуулар менен КМШнын Аткаруу комитетинин, БУУнун Статистика бөлүмүнүн, КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын, Кыргызстандагы БУУ системасынын жана Дүйнөлүк банктын тобунун өкүлдөрү да чыгышты.
Форумдун алкагында санариптик трансформация шартында расмий статистиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары каралды. Аларга процесстик ыкманы киргизүү, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу, административдик жана альтернативдүү маалымат булактарын интеграциялоо, ошондой эле кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык кирет.
Форумдун программасы төрт тематикалык сессияны камтыды:
- Заманбап улуттук статистикалык системалар - Армения, Азербайжан, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасы жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен;
- Санариптик технологиялар жана жасалма интеллект - КМШ, Грузия, Казакстан, Сербия жана Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттеринин катышуусу менен;
- Жаңы маалымат булактарын интеграциялоо - Тажикстан, Беларусь, Венгрия, Кытай жана Өзбекстан өкүлдөрүнүн катышуусу менен;
- Статистикалык потенциалды өнүктүрүү - БУУ системасынын, Дүйнөлүк банктын, академиялык коомчулуктун жана улуттук институттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен.
Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар улуттук тажрыйбаларды жана мыкты эл аралык практикаларды сунуштап, маалыматтардын сапатын жана салыштырмалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын ыкчамдуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө коюлган талаптардын өсүшү сыяктуу актуалдуу чакырыктарды талкуулашты.
Өзгөчө көңүл өнөктөштүк, инновациялар жана ишеним принциптерине негизделген заманбап маалыматтар экосистемасын калыптандырууга бурулду. Катышуучулар расмий статистиканын негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо негизги ролду ойной турганын белгилешти.
Форум кесиптик диалог, тажрыйба алмашуу жана улуттук статистикалык системаларды мындан ары модернизациялоо боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу аянтча болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар эл аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, санариптик чечимдерди киргизүүнүн жана расмий статистиканын заманбап экосистемасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети форумду ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкон бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.












