Көп индикатордук кластердик изилдөөнүн жыйынтыктары тегерек столдун жүрүшүндө тааныштырылат

Publications: 10.12.2015


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар Фонду менен биргеликте (ЮНИСЕФ) 16-декабрда 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда жүргүзүлгөн Көп индикатордук кластердик изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчету боюнча тегерек стол өткөрөт. Бул иш-чаранын максаты аялдардын жана балдардын абалы, анын ичинде балдар өлүмүнүн саны, балдардын тамактануулары жана саламаттыгы, суу менен жабдуу жана санитария, репродуктивдүү ден соолук, эрте жаш курактагы өсүү, сабаттуулук жана билим берүү, балдарды коргоо, АИВ/КИЖС жөнүндө билим, ЖМКга мүмкүндүк, калкка субъективдүү бакубатчылык жана мамиле жөнүндө маселелерди талкуулоо болуп саналат.

___________________________________________________________________________________________________________

Үй чарба статистикасы

       башкармалыгы                   |    e-mail:gsamohleb@stat.kg;     |    тел. + 996 (312)  324655

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси)


Last updating: 10.12.2015, 15:34