Эл аралык карылар күнү: сандар жана фактылар

Publications: 01.10.2026


    Жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык карылар күнү белгиленет. Бул күн 1990-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Анын негизги максаты - коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын алдында турган маанилүү маселелерге буруу жана алардын жашообуздагы ордун таануу болуп саналат.
2026-жылдагы Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш быйылкы тема: «Узак жашоо доору: өмүрдүн узарышын эске алуу менен системаларды кайрадан карап чыгуу» - институттарды улгайган коомго ылайыкташтырууга шашылыш чакырык экенин баса белгиледи.
  Бул күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өлкөбүздөгү улгайган адамдар тууралуу актуалдуу маалыматтарды берип, алардын коом үчүн маанилүүлүгүн жана баалуулугун белгилейт.
Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул мурунку муундарга караганда саны жагынан көптүк кылган 1960-жылдардагы калктын өкүлдөрүнүн пенсияга чыгышына байланыштуу. Акыркы беш жылда өлкөдө улгайган жарандардын саны 146 миңден ашуунга же 25%га өстү.
     2026-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган, бул жалпы калктын 10%ын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектер 244 миң (эркектердин 7%ы), ал эми 58 жаштан ашкан аялдар 493 миң (аялдардын 13%ы). Аталган жаш куракта аялдар басымдуулук кылат: алар эркектерге караганда 249 миңге же 2 эсеге көп. Бул аялдардын эркектерге салыштырмалуу орточо узак жашашы (эркектердин 68,7 жашына карата аялдарда 76,9 жаш) жана пенсияга 5 жыл эрте (63 жашка карата 58 жаш) чыгышы менен түшүндүрүлөт.
     БУУнун классификациясы боюнча, калктын жалпы санында 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү 4%дан аз болсо - калкы жаш өлкө деп эсептелет; 4–7% деңгээлинде болсо — калк карылыктын босогосунда турат; ал эми 7%дан ашса — улгайган деп бааланат. 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жана андан жогорку курактагы жарандардын үлүшү 6,4%ды (475 миңден ашык адам) түздү, бул калктын карылыктын босогосунда турган категориясына туура келет. Айрым КМШ мамлекеттерине салыштырганда бул көрсөткүч жогору: Казакстанда - 9%, Азербайжанда - 10%, ал эми Россия, Беларусь жана Молдовада - 18%дан.
     БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкалып, 65 жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 7%га жакындайт.

Кыргыз Республикасынын 65 жаш жана андан улуу курактагы туруктуу калкынын
жынысы жана аймактар боюнча саны

(2026-жылдын башына карата баалоо, миң адам)

 

     Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында жана башка мамлекеттик органдарда 2025-жылдын аягына карата 868 миң пенсионер каттоодо турган, алардын 671 миңден ашууну же 77%ы курагы боюнча пенсия алуучулар болуп саналышат.
     2025-жылы дайындалган пенсиялардын орточо өлчөмү 11 365 сомду түздү, бул пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 47,6%га  (7 699,36 сом) ашты.
     2025-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгашаларынын жалпы көлөмүндө пенсиялык камсыздоого бөлүнгөн каражат 86%дан ашыкты түздү.
     Ошентип, Улгайган адамдардын эл аралык күнү актуалдуу маселелерди чечүүдө жана улуу муунга татыктуу кам көрүүдө коомдун активдүү катышуусунун зарылдыгын дагы бир ирет эскертип турат.

 

 

Биздин байланыштар: 

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Last updating: 01.10.2026, 12:21