Цифралар жана фактылар. Байланыш кызматкерлеринин күнү 2026

Publications: 07.05.2026


Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык, 1935-жылдын 1-январына карата республикада 31 почтамт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиги жана 632 почта ящиги эсепке алынган. Почта продукциясын айыл жергесинде таратуу ошол кезде атчан (177 адам) жана жөө (342 адам) кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Акыркы он жылдыкта республиканын байланыш тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын кириши менен шартталган чоң өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин санынын өсүү тенденциясы байкалды, ал эми стационардык байланыштын абоненттеринин саны тескерисинче туруктуу түрдө төмөндөдү.

Алсак, 2013-жылы 1000 адамга 79 стационардык телефон жана 1154 уюлдук байланыш телефону туура келсе, 2025-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 19га чейин азайган, ал эми мобилдик номерлердин саны 1060ка жетип.

Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны*

 (миң)

*Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча

2025-жылы республиканын аймагында 746 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 546сы - шаар жерлеринде жана 200 - айыл жерлеринде.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылы байланыш кызматтарынын көлөмү 39 млрд сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга көбөйдү.

Соода жана кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg |  тел. + 996 (312) 324 725, 324 650

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 07.05.2026, 11:33