Берилген микрокредиттердин 60 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктары үчүн берилди

Publications: 20.08.2025


Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредитти берүүчү уюмдар тарабынан 40 млрд. сомдон ашык суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 567 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,2 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 34 пайызга көбөйдү.
 
I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши
 
Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 27,5%ы), Ош (16%ы), Жалал-Абад (14%ы) жана Чүй (13%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 60 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктарына берилди, 16 пайыздан ашыгы - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө жана 10 пайызга жакыны - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.
 

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

 

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 20.08.2025, 10:56