23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

Publications: 23.09.2025


Урматтуу, кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрөгасы Бактыбек Кудайбергеновдун жана жалпы кызматкерлердин атынан 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай “Элибиздин өзөгү-эне тилибизде”. Кыргыз тили - байыркы жана бай тил. Заманды, он сегиз миң ааламды, жакшы менен жаманды, жаратылышты, аккан сууну, дүйнөнү түгөл айткан төкмөлүк өнөрдү, улуу эпосубуз, баа жеткис руханий байлыгыбыз “Манас” эпосу баштаган дастандарыбызды, таамай айтылган макалдарды, учкул сөздөрдү жараткан эне тилибизди кастарлап, кадырына жете билишибиз зарыл.

Эне тилин жоготкон эл улутун, мамлекетин жоготот. Андыктан эне тилибизди өнүктүрүү ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык милдети.

Улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болооруна терең ишеничтебиз. Тилибиз кылымдарга жашасын! Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун!


Last updating: 23.09.2025, 14:31