20-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү

Publications: 20.10.2025


 
Бүгүн, 2020-жылдын 20-октябрында Дүйнөлүк статистика күнү үчүнчү ирет белгиленип жатат. 2010-жылы БУУнун Статистикалык комиссиясынын 41-сессиясында Дүйнөлүк статистика күнүн белгилөө чечими кабыл алынып, ал беш жылда бир жолу өткөрүлөт. Быйыл Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү «Ишенимдүү маалыматтар – туруктуу келечектин негизи» деген ураан менен өтүүдө.
 
Кыргызстандын мамлекеттик статистикасынын тарыхы дээрлик бир кылымды түзөт. Жыйнак жана маалыматтарды иштеп чыгуу системасы республикада жыйырманчы кылымдын башынан тартып калыптанып, бүгүнкү күндө улуттук статистиканын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн үлгүсүнө айланды.
 
Азыркы тапта Улутстатком 5 млн. жакын баштапкы көрсөткүчтөгү маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну камсыздап, жылына 24 миң статистикалык иштерди аткарат. Колдонуучуларга 350 статистикалык жыйнактар менен басылмалар сунушталат, ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын өнүгүшү боюнча түрдүү суроолор боюнча 900 экспресс-маалымат даярдалат.
 
2020-жылдын июлунан тартып Кыргызстанда БУУнун принциптерине толук жооп берген жана статистиканын сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле коомдун расмий маалыматтарга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган "Расмий статистика жөнүндө" жаңыланган мыйзам күчүнө кирди.
 
Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык демилгелерге активдүү катышууда. 2025-жылы өлкө БУУнун Жогорку деңгээлдеги саясий форумунда Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу баяндамасын тартуулады, аны даярдоого Улутстатком активдүү катышып, олуттуу салым кошту. Улутстатком ТӨМ боюнча 217 көрсөткүчкө мониторинг жүргүзөт, анын ичинен 136сы – глобалдык, 59у – улуттук жана 22си – прокси көрсөткүч. Бардык статистикалык маалыматтар жана метамаалыматтар Улутстаткомдун расмий сайтында жайгашкан ТӨМ көрсөткүчтөрү боюнча Улуттук отчеттуулук платформасында жеткиликтүү.
 
Бүгүнкү күндө Улутстаткомдун сайты расмий статистикалык маалыматтарды жайылтуунун негизги булактарынын бири. Мында статистиканын бөлүмдөрү жайгаштырылып, ыкчам маалымат менен бирге эгемендүүлүк алган жылдардан тарта көп убакыттан бери чогулган статистикалык маалыматты көрсө болот.
 
Колдонуучулардын табитин түшүнүү жана керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн Улутстатком регулярдык тартипте интерактивдик сурамжылоолорду жүргүзүп турат.
 
Кыргыз Ресупбликасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана жамааты республиканын статистика тармагынын кызматкерлерин Дүйнөлүк статистика күнү менен куттуктап, баарына чын ден-соолук, тынчтык, кут жана береке каалайт.  
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана жамааты бардык статистика кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү менен куттуктайт жана ден соолук, бакубатчылык, тынчтык жана өлкөбүздүн өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерди каалайт!

Last updating: 20.10.2025, 11:09